Жыл башынан бери Талас облусу 48 776 тонна төө буурчак экспорттогон

Жыл башынан бери Талас облусу башка өлкөлөргө 48 776 тонна төө буурчак экспорттогон. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, облустун төө буурчагын 21 мамлекет сатып алат, алардын ичинде Түркия, Болгария, Орусия, Сербия жана башка мамлекеттер бар. 2013-жылы облус боюнча төө буурчак 45 495 гектар жерге себилген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8798 гектарга көп.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан