Чолпон-Ата шаарында учурда коомдук-саясий абал тынч

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургундары кечээ кечинде жолду кайра ачышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Айтымында, кармалган 4 баланы Бишкектен Чолпон-Ата шаарына алып келишкенде, митингчилер жолду ачышкан. “Ал балдар учурда Чолпон-Ата шаарынын убактылуу кармоочу жайында камакта. Бул балдардын иши боюнча материалдар изилденип, андан соң гана тиешелүү чаралар көрүлмөкчү. Учурда шаарда коомдук-саясий абал тынч”,- деди ал.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан