Сентябрь айында Улуу Британиянын борбору Лондондо Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата кеңири масштабдагы бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Шотландия, Уэльс, Англиядагы кыргызстандыктар келип катыша турган мындай курултай алгачкы ирет уюштурулууда. Иш-чара учурунда Лондондун сейил бактарынын бирине кыргыз боз үйү тигилип, концерт, сынактар жана спорттук мелдештер болот. Курултай Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги, Англиядагы кыргыз чыгармачыл жана илимий интеллегенция жана “Кыргыз студенттери”, “Кыргыз айымдары” аттуу британдык коомдордун демилгеси менен уюштурулууда.