Египеттин президенти Мохаммед Мурси отставкага кетти

3-июлда Египеттин президенти Мохаммед Мурси отставкага кетти. Убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп Жогорку Конституциялык Соттун жетекчиси Адли Мансур дайындалды. Ал эми Мурси аскер кызматкерлеринин коргоосунда экендигин египеттик ММКлар жарыялашты. Өлкөнүн борбор шаары Каирде өлкө башчылыктан четтетилген президенттин тарапташтары жана анын каршылаштары болуп 2 тарап кагылышууда.

Эске сала кетсек, 28-июнда Мохаммед Мурсинин мамлекетти башкарып жатканына 1 жыл толгондо "А-Тамарруд" жаштар кыймылы президентке каршы акция башташып, 30-июнда митингге чыккандардын саны 10 миллион адамга жеткени айтылган. Оппозиция президентти “экономикалык маселелерди чече албайт, жарандардын коопсуздугуна кам көрбөйт” деп күнөөлөшүүдө. Египеттиктер Мурси башкарган 1 жылды мамлекеттин тарыхында болгон эң жаман жыл экендигин да айтышкан. Ал эми митинг учурунда каза болгондордун саны 11 болсо, 600 жаран ар кандай жаракаттарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан