Талас облусунун айрым аймактарында эгин чабык башталды

3-июлда Талас облусунун Манас районунун Покровка аймагында биринчилерден болуп кылкандуу дан-эгиндерин чабуу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Облустук өкүлчүлүктүн агрардык секторунун башчысы Абай Шатмановдун айтымында, облус боюнча быйыл 10 миң 839 гектар жердеги буудай, 2 миң 65 гектар жердеги арпа чабылат. “Жалпы облус боюнча эгин чабуу иштери июль айынын жыйырмаларында кызыйт. Мына ушул эгинди коромжусуз жыйнап алуу үчүн даярдыкта турган 129 комбайн толугу менен ишке киргизилет”, - деди Шатманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан