3-июлда Бишкектин “Тез жардам” кызматына 617 билдирүү түшүп, дарыгерлер тобу 442 чакырууга барган. 175 жаран ооруканага жөнөтүлүп, анын ичинен 105 жаран ооруканага жаткырылган. “Тез жардам” кызматы кабарлагандай, кайрылуулардын көпчүлүгү кимдир-бирөөлөр тарабынан сабалган жарандарга байланыштуу болгон. Ошондой эле сутка ичинде 1 биологиялык өлүм катталган.