Ош шаардык кеңешинин депутаттары "Мады" суу сактагычын курууга 200 миң сом бөлүп берди
Ош шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 4-июлда кезексиз сессияга чогулушту. Шаардык мэрия кабарлагандай, сессияда Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына сунушталган талапкерлердин тизмесин каралды. Ага ар кайсы партиядан сунушталган 70 талапкердин ичинен 6 талапкер тандалып алынды. Ошондой эле шаарга жаңы курулган "Жапалак" унаа базары боюнча маселе каралды. Анда аталган базардын жанындагы унаа токтотуучу жайдын баасы 20 сом, базардын ичиндеги жеңил унаалар үчүн бир күнгө 50 сом, оор жүк ташуучу унаалар үчүн 100 сомдон акча чогултуу чечими кабыл алынды. Бул эски унаа базарындагы баалардан 2 эсе арзан экенин билдирет мэрия. Ошондой эле депутаттар "Ошсууканал" ишканасына "Мады" суу сактагычын куруу үчүн 200 миң сом бөлүп берди.