Бүгүн, 4-июлда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынып, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жергиликтүү кеңеши, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңеши, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңеши таркатылмакчы. Аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2013-жылдын 18-августуна дайындалат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.