3-июлда Пекин шаарында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Ишеним грамотасын тапшырды. Ишеним грамотасын кабыл алып жатып Си Цзиньпин К.Бактыгулованы жаңы дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүндө аткара турган иштерине ийгилик каалады. Өз кезегинде Бактыгулова дагы ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин “КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин алдыдагы Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапары Кыргызстан үчүн маанилүү” деп айткан сөзүн жеткирди. Төрага Си Цзиньпин кытай тарап Кыргызстан менен экономикалык багытта кызматташууну колдоп, Кытайдын кубаттуу ишканаларын Кыргызстандын экономикасы үчүн инвестициялоо ниетин билдирди. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздук маселеси да талкууга алынды.