Европа өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Жалал-Абад шаарында таштандыларды коопсуз аймакка көмүү долбоору ишке ашмакчы. Шаардык курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башкы адиси Миргүл Эгемованын айтымында, аталган банк полигондорду куруу, техникаларды алуу боюнча изилдөө жүргүзүп, европалык стандартта таштанды чогултуу, аны элге зыяны тийбей тургандай кылып көмүү маселеси атайын адистер тарабынан иликтенүүдө. Таштандыларды көмүү үчүн 11 гектар жер берилген. "Ушул эле долбоордун негизинде Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан райондордун да таштандылары көмүлөт. Ал жактарда таштандыларды суу каналдарынын жээгине ташташып, абаны, сууну булгап жатышат. Бул долбоор 2014-жылдан баштап ишке кирише баштайт",- деп билдирди Эгемова.