Бүгүн, 4-июлда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 2 күндүк иш сапары менен Нарын жана Талас облустарына кетти. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда министр Нарын облусуна багыт алды.
Иш сапарынын алкагында Калыкбек Султанов Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолдорундагы аткарылган жумуштарды көрүп чыкмакчы. Ошондой эле Кочкор районунун акими менен жолугуп, Көкөмерен суусунун үстүнө курулуп жаткан көпүрөнүн иштери менен таанышат. Андан соң Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолдорундагы иштер менен таанышып, Талас районунун акими менен жолугушат.