Президент Алмазбек Атамбаевге Ататүрк атындагы түрк тили сыйлыгы тапшырылды

Бүгүн, 4-июлда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын вице-спикери, профессор Мехмет Сагламды кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө профессор Саглам мамлекет башчысына Ататүрк атындагы түрк тили сыйлыгын тапшырды. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ич ара кызматташуусундагы актуалдуу маселелер талкууланды. Маалымат үчүн: Ататүрк атындагы түрк тили сыйлыгы тынчтыкты сактоого жана түрк тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө өзүнүн маанилүү салымын кошкон адамдарга жыл сайын берилет 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан