Былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев президенттик шайлоого аттанган. Бирок Исаев талапкер катары жарандардан 30 миӊ кол топтой алган жок деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан өтпөй калган. Ал президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдой турганын жарыялаган.
Интернетке Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге окшогон киши тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө Бабанов шайлоодон өтпөй калса, башаламандык уюштуруу максатында ири суммадагы акча берилди делген видео тараган. Бул видео интернетке жарыяланган былтыр 30-сентябрь күнү Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ошол эле күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Канат Исаевди кармаган. УКМК массалык башаламандыкка адамдарды тартуу үчүн Исаев тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө ири суммадагы акча берилип, бийликти курал менен басып алуу жана абалды туруксуздаштыруу аракеттери да каралган деген маалымат тараткан.
Бабанов Канат Исаев кайсы акчаны, эмнеге бергенин билбей турганын айткан. "Бирок видеону көргөндө бир дагы жолу төңкөрүш тууралуу сөз болгонун көргөн жокмун", - деп билдирген Бабанов.
Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясы сотко жана укук коргоо органдарына Канат Исаевдин ишин калыс карап берүүсү үчүн кайрылуу жасаган. "Канат Исаевдин демократиянын, парламентаризмдин өнүгүшүнө салым кошконун эске алып, "Кыргызстан" фракциясы бул ишти ачык-айкын, калыс, мыйзам чегинде карап берүүсү үчүн укук коргоо органына, сотко кайрылат", - деп айтылат кайрылууда.
2-октябрь күнү анын бир тууганы ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы, генерал Талантбек Исаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, анын арызын ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган.
Канат Исаевдин жактоочусу Азизбек Турдалиев видеодо Исаев аны менен жолугушкан балдар менен бийликти басып алуу тууралуу эч нерсе сүйлөшпөгөнүн айткан. "Аны менен жолугушууда балдар өздөрү менен өздөрү эле сүйлөшкөн. Берип жаткан акча үгүт иштери үчүн гана берилген", - деп жактоочу билдирген.
Ошол учурда Канат Исаевди коргоо комитети дагы түзүлүп, аны үй камагына чыгарууну талап кылышкан.
2018-жылы 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канатбек Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.
Буга чейин 2016-жылы Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон.
Бул иш боюнча быйыл 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Бишкек шаардык сот Исаевге козголгон дагы бир кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 28-июнда токтоткон.
2018-жылы Канат Исаев үй камагына чыгарылган. Ал SUPER.KG порталына соттун чечими мыйзам чегинде чечилсе, бардыгы өз ордуна коюла турганын айткан. "Мыйзамдуу чечим чыгара турган болсо акталабыз", - деп билдирген.