Эртең парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев акыйкатчыны шайлоо ачык өтүшү керек деген туура эмес экенин айтты.
"Мыйзамда кандай талап болсо, ошондой өтөт. Акыйкатчыны шайлоо ачык добуш берүү менен өтүшү керек деген туура эмес. Бүгүн ачык өткөрүп, эртең кайра жабык өткөрүү деген болбойт. Каалагандай өзгөртүү киргизүү туура эмес. Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу абзел", - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, акыйкатчы кызматына талапкерлер Канатбек Азиз, Рита Карасартова, Токон Мамытов, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.