Эртең парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Турдукулов кайсы депутат кимге добуш бергенин билүү үчүн акыйкатчыны шайлоо ачык болуш керек деген пикирде.
"Биз сөзсүз түрдө акыйкатчыны шайлоону ачык өткөрүүнү колдошубуз зарыл. Себеби мурунку акыйкатчы кантип шайланганы эсибизде, ал жерде шайлоо жабык түрдө өткөн жана жогору жактан бийликтин талапкерине добуш берүү жөнүндө тапшырма болгонуна баарыбыз күбө болгонбуз. Ошондой көрүнүш кайталанбаш үчүн депутаттар ачык добуш бериши керек. Акыйкатчы - бир гана парламенттин көзөмөлүндө эмес, элге кызмат кылуучу орган. Ошондуктан эл өзү шайлаган депутат кимге добуш бергени ачык болушу шарт. Ачык болсо акыйкаттуу жеңиш болот, жабык боло турган болсо, анда бийлик көрсөткөн талапкер утуп кетет. Шайлоо ачык болуусун жарандык коом талап кылабыз. Кайсы депутат, фракция кимге добуш бергенин коом ачык билиши керек. Азыр бизде мурдагыга караганда ачык шайлоо өткөрүүгө шарттар бар", - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, акыйкатчы кызматына талапкерлер Канатбек Азиз, Рита Карасартова, Токон Мамытовдун пикири төмөнкү шилтемеде.