Бүгүн, 26-сентябрда Ак Үйдүн алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров акция уюштурду. Ал акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун шайланышына нааразычылыгын билдирүүдө. Колуна "Парламент "позор", таркагыла" деген жазууну көтөрүп алган. "Акыйкатчы кызматына Токон Мамытов шайланды. Эл мындайды күткөн эмес. Бул уят. Мамытов кайсы критерийлердин негизинде акыйкатчы болуп шайланды? Мындай парламентти таркатуу керек", - деди Токтонасыров.
Бүгүн Жогорку Кеңеште Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланды. Башында 5 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө алардын бири Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салган. Аны "Бир Бол” фракциясы талапкер катары көрсөткөн болчу. Калган талапкерлерди КСДП фракциясы (Токон Мамытов), "Бир Бол" фрациясы (Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев) жана "Ата Мекен" фракциясы сунуштаган (Канатбек Азиз) болчу.