Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысы болуп Токон Мамытов шайланды. Ага депутаттардын 79у “макул” деп добуш берди.
Рита Карасартовага 9 эл өкүлү, Канатбек Азизге 19 депутат добуш берди. Ал эми Рыскул Бактыбаев 6 добушка ээ болду.
Башында 5 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө алардын бири Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салган. Аны "Бир Бол” фракциясы талапкер катары көрсөткөн болчу. Калган талапкерлерди КСДП фракциясы (Токон Мамытов), "Бир Бол" фрациясы (Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев) жана "Ата Мекен" фракциясы сунуштаган (Канатбек Азиз) болчу.
Токон Мамытовдун өмүр баяны:
Мамытов 1953-жылы 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал 1979-жылы Пржевальск педагогикалык институтун аяктаган.
1972-1974-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
1974-1975-жылдары - Ысык-Көл ПМКсында слесарь;
1979-1980-жылдары - Пржевальск шаардык элдик билим берүү бөлүмүндө методист;
1981-1992-жылдары - Ысык-Көл облусу боюнча КГБ башкармалыгында ыкчам-тергөө иштери боюнча ага кызматкер, бөлүмдүн башчысы;
1992-жылы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор райондук бөлүмүнүн жетекчиси;
1992-1997-жылдары - УКМКнын бөлүм башчысы;
1997-2002-жылдары - Улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын жетекчиси;
2002-жылы - Коргоо министринин орун басары;
2002-2005-жылдары - Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары жана биринчи орун басары;
2005-2007-жылдары - президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, канцелярия жетекчиси;
2007-2008-жылдары - Коргоо кеңешинин катчысы;
2008-2009-жылдары - президенттик администрацияда мамлекеттик кеңешчи;
2009-жылы - Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
2010-2013-жылдары - Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
2013-жылы - Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
2013-жылы - өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү;
2013-2014-жылдары - вице-премьер-министр;
2014- 2015-жылдары - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун төрагасы;
2016-жылдын апрель айынан тарта "Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын" төрагасы болуп эмгектенип келген.