6 ай аралыгында эле 3 жоокер каза болуп, экөө оор жаракат алса, дагы 32си сабоого кабылган (иликтөө)

Жыл башынан бери Кыргыз армиясында 3 жоокер каза болуп, 2 жоокер оор жаракат алса, дагы 32си сабоого кабылган. Окуялар Аскер прокуратурасы тарабынан териштирилип баштаганы менен, али күнгө чейин көпчүлүгүнүн так себеби айтылбай келет. Мындай жагдай жоокерлердин жакындарын нааразы кылууда.

Эки ай ичинде өзүн-өзү атып алды делген үч факты

Эки ай ичинде өзүн-өзү атып алды делген үч факты катталган. Алгач 6-июнда Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы №19-түзөтүү абагында күзөттө турган 18 жаштагы жоокер Арзыбек Байсал уулу өз колундагы АК-74 автоматтан чыккан октон каза болгон. Жазаларды аткаруу кызматы жоокер өзүн-өзү атып алганын айткан. Бирок мындай жоопко жоокердин таякеси Эркин Тагаев каршы. Анын айтымында, Арзыбек өз өмүрүн кыюуга бармак эмес.

"Жээним үч жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип биздин колубузда чоңойгон. 4-класстан тартып кикбокс менен машыгып, спорт чебери болгон. 24-апрелде суранып жатып аскерге кеткен. 19-майда ант берип, Жаңы-Жер айылындагы №19-түзөтүү абагына которулган. 7-июнь күнү өзүн-өзү атып каза болгонун уктук. Өзүн-өзү атып алганына ишенбейбиз, ага колу да барбайт эле. Кыйналганынан ушул ишке бара турган болсо мага байланышка чыкмак да. Курал кармай албайт дейин десең курал чогултууда республика боюнча өткөн сынакта 2-орунду алган. Жээним өз өмүрүн кыюу үчүн автоматты чекесине такаган болсо, автомат жогору же эки капталга жылып кетмек. Ок чекесинен кирип көк желкесин чынынын артындай көлөмдө оюп чыккан. Эгерде автоматтын түтүгүн бир колу менен кармап аткан болсо, колунда так болушу керек эле, колу таза экен. Эми азыр тергөө ишине нааразы болуп жатам. Анткени материалдар чогултулганы менен, эч кимге кылмыш иши ачыла элек. Жоопко тартмак турсун тергөөнү толук алып барбай жатышат.

Абак жетекчилиги "өзүн-өзү атып алган" деп гана жооп берип жатканы менен, ок канча аралыктан атылганы аныктала элек", - деди Тагаев.

Арзыбек Байсал уулунун окуясынан көп убакыт өтпөй эле 21 жана 19 жаштагы эки жоокер өзүнө-өзү ок чыгарып, бири каза болгон.

Аталган фактылардын чоо-жайын Бишкек гарнизондук Аскер прокуратурасы тергеп баштаган, бирок дале жыйынтык чыгара элек. Ошондой эле аскердик бөлүктөрдү текшерүү үчүн Коопсуздук кеңешинин июль айынын аягында өткөн жыйынында комиссия түзүү чечими кабыл алынып, комиссия түзүлгөн. Ага күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган кызмат адамдары кирген. Комиссия жаңы жоокерлерди кабыл алууда алардын даярдыгы жана аскерге кимдер тартылышы керек деген маселени карап жатат. Жыйынтыгы азырынча чыга элек.

"Абакта отурган кылмышкерлерди оорулуу балдар кайтарып калды"

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мындай фактылардын кайталанып жатышын аларга келген жоокерлердин психикалык жактан алсыздыгы жана үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр таасир берип жатканын айтууда. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, даярдыгы мыкты жоокерлер Улуттук Гвардия, Башкы штаб жана Чек ара кызматына тандалып кетип жатат. Ошондой эле алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да бар экенин кошумчалады.

"Жоокерлерди кызмат өтөөгө чакырууда өзүнчө категориялар менен каралат. Оорукчан, жалгыз бала, толук эмес үй-бүлөнүн балдары аскерге чакырылбашы керек. Бирок бизге жалаң ушундай абалдагы балдар алып келинип жатат. Мына ушул маселе өтө чоң таасир этүүдө. Бул Аскер комиссариатынын катачылыгы. Бардык эле адам өзүнө-өзү кол салбайт да. Психологиялык абалы жакшы эмес, үй-бүлөсүндө маселе бар балдар ушундай ишке барып калып жатат. Бизде кызмат өтөө үчүн психологиялык абалы өтө жакшы болуш керек. Анткени абакта отургандар өтө чоң психолог болуп, кайтарып турган балдарды чүнчүтүп салышат. Бирок жоокерлердин жетишсиздигинен кимди берсе да алууга туура келет. Бул маселе көп убакыттан бери көйгөй жаратып келүүдө. 2-3 жыл мурун моюну кыйшык бала бизде кызмат өтөп кеткен. Бул майыптыгы бар бала да", - деди Сабатарова.

Жалгыз бой эненин жалгыз уулу токко урунуп эки колунан ажырады

7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген. Ал жалгыз бой эненин жалгыз уулу. Мындай балдар мыйзам боюнча альтернативдик кызматка чакыртылышы керек. Бирок ал аскер комиссарына 3-4 жолу кайрылып, аскерге алып кетүүнү өтүнгөн.

Башкы штаб кырсыкка жоокердин өзүн күнөөлөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлзат Жарашеванын айтымында, жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип, токко урунган.

"2017-жылдын күзүндө да кайрылганда комиссариат каршы болуп үйүнө жиберип салган. Ушул жылдын жазында да апасы экөө кайра кайрылып алып кетүүнү өтүнгөндө комиссариат алууга аргасыз болгон. Кырсык болгон күнү бир күндүк нөөмөткө чыккан. Ал учурда тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип, токко урунган", - деди Жарашева.

Учурда Руслан Сапарбаевдин дарылануусу убактылуу токтотулуп, 26-сентябрда №4-ооруканадан Аскер госпиталына которулду. Жардам иретинде акча чогултуу жана колуна протез салып берүү маселеси каралып жатат. Учурда Башкы штаб тарабынан ачылып берилген электрондук капчыгына жардам иретинде которулуп жаткан акчанын суммасы 1 миллион сомго чукулдады.

Жоокерге жардам берүү маселеси 27-сентябрда парламент жыйынында көтөрүлдү. Депутат Айнуру Алтыбаева жоокерге протез сатып алууга каражат керек болуп жаткандыктан эл өкүлдөрүнө бир күндүк маянасын которууну сунуш кылды. Төрага сунушту кат түрүндө берүүнү өтүндү.

Ал эми апасы Венера Сейталиеванын айтымында, учурда баланын оң колу жакшы болуп баратканы менен, сол колундагы дарты айыга элек.

Жоокердин кырсыкка кабылышы боюнча Жалал-Абад Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иштери башталып, аягына чыга элек. "Жоокердин энелери" комитети да кырсык боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп жатат. Аталган комитеттин төрайымы Уулкан Байгубатова аскердик бөлүккө барып, абал менен таанышуу учурунда кемчилик эки тараптан тең кеткенин билген.

"Майлуу-Суудагы жоокердин кырсыкка кабылышы - эки жактын катачылыгы. Факты түрүндө трансформатордун короосу тосулуп турганы менен, эшиги ачык турган. Анан да коопсуздук белгилери эскирип калган. Жоокерлер буга чейин трансформатордун аймагына барышкан эмес. Ошол күнү нөөмөттүн аймагы кеңейтилип, трансформатор турган жерге барышкан экен", - деди Уулкан Байгубатова.

Жоокерлерге кордук көрсөткөн командирлер камакта

Август айында Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы №73809-аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокер командирлери тарабынан ур-токмокко кабылганы жарыяланган. Анда командирлер жоокерлерди арык каздырып, тиричилик жумуштарын жасоого мажбурлашкан. Аталган фактыны Уулкан Байгубатова алгач көтөрүп чыгып, кылмыш ишин козготкон. Бирок өз учурунда чара көрүлбөй калган.

Кийин маселени укук коргоочу Азиза Абдирасулова да көтөрүп чыгып, козголгон кылмыш ишинин негизинде старшина Уланбек Орозбаев, прапорщик Жапаров, ага лейтенант Казыбек уулу райондук сот тарабынан тергөө абагына камакка алынган. Ал эми аскердик бөлүктүн командири кызматынан алынган. Бирок Абдирасулова аскердик бөлүктүн командиринин жазасыз калып жатканына нааразы. Анын айтымында, командирди камап, күнөөлүү болсо жазасын берүү керек.

Прапорщик түн ичинде мас абалда келип 24 жоокерди сабаган

Жоокерлерге кордук көрсөтүү фактысы Таш-Көмүр шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө да катталган. Анда аскер бөлүмүнүн прапорщиги түн ичинде мас абалда келип уктап жаткан 24 жоокерди сабаган. Аскер прокуратурасы фактыны аныктап чыгып, прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул окуядан кийин эле аталган министрликтин №82212-аскер бөлүгүндө кызматта жүргөн Мирлан Доолбек уулу аттуу жоокер сууга чөгүп каза болгон. Анын жансыз денеси бир күндөн кийин табылган. Кырсык Нарын дарыясына чөгүп кеткен адамды издөө учурунда болгон. Окуядан кийин командир камакка алынып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Керебетти сүздү делген жоокер майып болуп калды

Ур-тепкиге кабылгандардын дагы бири - Бек Бейшенбаев. Ал Ат-Башы районунан 27-мартта аскерге чакыртылып, Улуттук Гвардиянын №701-аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жатып жаракат алган. Өзүнүн айтымында, 1-июнда жана 20-июнда эки ирет сабалып, омуртка сөөктөрү сынып кеткен. Бирок Башкы штаб жоокер керебетти сүзүп алып кырсыктаганын айткан.

"Ала-Арча" резиденциясына күзөткө чыкчумун. 1-июнда аскердик бөлүктө окуу башталып, окуудан өтүп жүргөндө Аскербеков деген сержанттан токмок жегем. Ал далыма автоматтын арты менен ургулап жиберген. 20 күн өткөндөн кийин Полотов деген катардагы жоокер уруп жиберген. Жыгылып кетип керебетти сүзүп, эч нерсе көрбөй калдым. Фельдшерге барсам дары берип, андан кийин командирдин буйругу менен ооруканага бардым. Жаракатымдын ооруганы күндөн күнгө күчөп, бир топ ооруканага кайрылдым. Жеке дарыгерлерге кайрылсак, ушул бойдон майып болуп кала турганымды айтып жатышат. Аскердик бөлүктөн эч кандай жардам болгон жок", - деди Бейшенбаев.

Жоокердин жакындары аны ургандарга карата чара көрүү боюнча арыз жазып Аскер прокуратурасына кайрылышкан. Бирок азырынча кылмыш иши козголо элек жана эч ким жоопко тартылган эмес.

"Кенже командирлердин даярдыгы талапка жооп бербейт"

Акыйткачы Токон Мамытов Кыргыз армиясындагы мындай терс көрүнүштөрдүн орун алып жатышына жоокерлердин даярсыздыгы, аларды карап жаткан кенже командирлердин талапка жооп бербей жатканы себеп болуп жатканын айтууда.

"Азыркы жоокерлер армияда кандай кызмат өтөйт, коопсуздукту кантип колдонуш керектигин билишпейт. Командирлер бул жакка баспа, тигиндей кылба деп айтып жатат. Бирок жоокерлердин аны так аткарбагандыгы ушундай кырдаалды жаратып жатат. Экинчиден, бизде кенже командир курамы деген бар. Мына ошол кенже командирлердин даярдыгы талапка жооп бербей жатат. Терс көрүнүштөрдүн баары ушунда. Алар мурда башка кесипте жүрүп эле келишим менен келип калышкан. 5-6 жыл мурун кадр жетишпей ошолор алынып келип калган. Бирөө суугатчы, бирөө дүкөнчү, айдоочу болуп жүргөн. Алар кесиптик, моралдык жактан даяр болгон эмес. Айылында көчөнүн мыйзамын армияга алып келип жатат да. Мына ошондойлор балдарды кыйнап, башка бирөөнүн жумушуна иштетип уставды бузуп жатышат. Ошондуктан келишим менен иштеп жаткандарга аскер комиссариаты жакшы көңүл бурушу керек да", - деди Мамытов.

Токон Мамытов 2015-жылга чейин ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны көп болгонун, ошол учурда өкмөттө вице-премьер болуп иштеп маселени жөнгө салуу аракетин көргөнүн кошумчалады.

"Биз күч түзүмдөрүн бир столго чогултуп, маселени чечүүнү сүйлөшкөнбүз жана маселе чечилген. Тактап айтканда, жазгы жана күзгү чакырылыш болсо, биринчи рота жазгы, экинчи рота күзгү чакырылыш болсун деп чыкканбыз. Мына ушул жагына маани берип, ушул принципке турганбыз. Бир составада 25-30 бала болсо, аларга башкаларды кошпошу керек. Азыр эми толук билбейт экенмин, бирок Коргоо министрлиги менен Чек арада айрым учурда колдонулуп келе жатат", - деди ал.

Ал белгилегендей, жоокер аскерге келүүдө эл үчүн өмүрүн кыюуга даяр болгондой болуп келиши керек.

Айрым маалыматтарга караганда, 2017-жылы 18дей жоокер каза болгон. Айрымдары ур-токмоктон каза болсо, кээ бири өз жанын кыюуга барышкан. Бирок тергөө ишин жүргүзгөн Аскер прокуратурасы канча өлүм катталганын жана кимдерге кандай чара көргөнүн билдирүүдөн баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-10-02 23:06:21
Жомогунарга азыркы жаш балдар да ишенбейт! Армияга мекен деген эмне экенин тушундуруп тарбиялайт дечумун, тилекке каршы "оорулуу"кылгандан башканы билишпей калыптыр.Лично мен жакындарыма бул нерсени каалабайм! Силердин да бир кун жазанарды алаарсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан