Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы №73809-аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокер командирлери тарабынан ур-токмокко кабылганын билдирдип Аскер прокуратурасына кайрылышкан. Мындай маалыматты бүгүн, 9-августта "Кылым шамы" укуктук борборунун директору Азиза Абдирасулова SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, жоокерлер ушул жылдын 4-апрелинде аскер кызматын өтөөгө келишкен. Ал эми 5-майда жоокерлер ант берип, 7-майда аларды Ала-Тоо полигонуна алып келишкен.
"Командирлер жоокерлерди арык каздырып, тиричилик жумуштарын жасоого мажбурлашкан. Аскерлер ар кайсы жумушка жиберилип, жасаган иши үчүн командирлер иш берүүчүлөрдөн миң сомдон алып турушкан. Командирлер аларды мончонун курулушуна иштетип, катуу зым менен бутка чаап, сабап турушкан. Ошондой эле жоокерлердин биринин кулагына командири катуу уруп койгондуктан, анын кулагынан кан кетип токтобой, ата-энесин чакыртканга мажбур болгон", - деди Абдирасулова өзүнө келип түшкөн маалыматтардын негизинде.
Ал белгилегендей, жоокерлер бир ай бою ар кандай кыйынчылыктарды көрүшкөн.
"Командирлер жоокерлердин бутунун алдына ок атып, кыйын болсоңор качып кутулуп алгыла дешкен. Мындан улам бир аскер эс-учун билбей жыгылып, учурда психиатриялык ооруканада дарыланып жатат. Бул балдар бир айдан кийин гана Аскер прокуратурасына кайрылып, арыз жазышкан. Бул окуя 2 ай мурун болгон. Бирок жоокерлерди кыйнаган командирлер дагы эле жумуш ордунда иштеп жатышат. Ал эми жабырлануучулар дагы башка жакка которулбай кызматтарын өтөөдө.
Жетекчилик тараптан балдарга "силер саткынсыңар, силер жигит эмессиңер" деген коркутуулар болуп, мындан улам арыз жазган 6 баланын үчөө жазган арызынан баш тартууда. Республикалык психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан жоокерге барганыбызда, биз менен сүйлөштүрбөй, тоскоолдуктарды жаратышты. Командири бизге "эми жигитчилик катары бир жолу жаакка чаап койсо, ушунча чуу кылып жатат. Бир эле күн иштетип койгонбуз, мончо бүтүп калса, кийин өздөрү деле түшүп турушат эле" дейт. Ал жерге ата-эне баласын мекенин коргосун деп жиберсе, булардын кылганы ушул", - деди укуктук борбордун директору.