Бүгүн, 14-октябрда Ош шаарында жер титиреди. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
Окурман билдиргендей, жер титирөө болжол менен саат 11:17лерде катталды. "Биз көп кабаттуу үйлөрдүн 4-кабатында жашайбыз. Жер титирегени сезилди", - дейт окурман.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча азырынча маалымат түшө электигин маалымдады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.