Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагев Каракол шаарынын тургундарын жана шаардык төрөт үйүн таза суу менен камсыздоо маселесин тезинен чечүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдири. Облустук түзүмдөрдүн жетекчилерине шаарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселесин жана күзгү-кышкы от жагуу мөөнөтүнө даярдык көрүү тапшырмасы берилди. Бул маселе жакынкы күндөрдө облустук жыйында каралмакчы.