БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун "Египеттеги кырдаалдан тынчтык жол менен чыгуу керек" деди

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Египеттин борборундагы кагылышуудан 50 адам өлгөнүн сынга алып, мындай аракетти колдобой турганын билдирди. Ал тараптарды сабырдуу болууга чакырып, БУУ өлкөдөгү кризистен чыгууга жардам бере тургандыгын баса белгиледи. "Акциялар тынчтык жолу менен өтүп, ал эми коопсуздукту сактоо күчтөрү эл аралык талапка ылайык аракет кылышы керек". Бул сөздү БУУнун административдик жетекчисинин атынан анын расмий өкүлү Мартин Несирке айтты. Несиркенин айтымында, башкы катчы бардык египеттиктерди жана алардын партияларын учурдагы кырдаалдан тынчтык жолу менен чыгуу үчүн конструктивдүү иштешүүгө чакырды.  

Өлкөдө баш аламандык уланып жатат. Акыркы кагылышууда 50 адам каза болуп, бир нече адамдын жаракат алгындыгы белгилүү болду. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан