Бишкектеги мектептердин 60 пайызы эски экендигин бүгүн, 9-июлда авариялык абалдагы мектептер менен таанышуу учурунда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирди. Айтымында, Бишкек шаарында 40 жыл мурун курулган мектептердин саны 20 болсо, 50 жыл мурун курулган мектептердин саны 16, ал эми 60 жыл мурун курулган 17 мектеп бар. “Ал мектептердин көбү кайра курууга жана капиталдык оңдоодон өткөрүүгө муктаж”,- деди мэр.