Акыркы 3 жылда Бишкектеги мектептерди жана бала бакчаларды оңдоого бюджеттен 103 миллион сом бөлүнгөн

Акыркы 3 жылда Бишкектеги мектептерди жана бала бакчаларды оңдоодон өткөрүүгө бюджеттен 103 миллион сом гана бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда мэр Иса Өмүркулов билдирди. Айтымында, быйылкы жылы мектептерди оңдоого 20 миллион сом бөлүнгөн. “Тилекке каршы, бул акча өтө аз, башкача айтканда, акча жок деген сөз. Ал эми акыркы 3 жылда Бишкекте 960 орундуу 2 мектеп, ошондой эле башталгыч класстарды окутуучу 3 мектеп курулду. Учурда дагы 2 мектеп курулууда, бирок каражат тартыш болуп жатат”,- деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан