Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) тарабынан 3141 чарба субъекти текшерүүдөн өткөрүлдү жана 2456 жазма эскертүүлөр берилди. Кургак тиричилик таштандыларын чыгаруу келишимдерин түзүү боюнча 790, баш аламандыкта жыйылган таштандыларды жок кылуу боюнча 95, шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптары боюнча 1390 эскертүү. Ошондой эле өткөн 6 ай ичинде СЭИге шаар тургундарынан 425 арыз жана кайрылуулар түшүп, алардын негизинде райондук административдик комиссиялар тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 637,2 миң сом өлчөмүндөгү айыптар салынган.