Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны 13-сентябрда Бишкекте болот. Бул тууралуу ШКУдагы Кыргызстандын улуттук координатору Асанбек Осмоналиев билдирди. Айтымында, жыйынга катышуучулар 12-сентябрда Кыргызстанга келишет, ал эми 13-сентябрда жыйын болот. Белгилей кетсек, 2001-жылдын 15-июнунда негизделген Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери кирет.