Жалал-Абад. "Электрон", "Бахор" дачаларынын аймагынан муктаждарга жер бериле баштайт

Жалал-Абад шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби аныкталды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Нурлан Казакбаев билдирди. Ал: "Шаардын "Электрон", "Бахор" дачаларында 5 гектар бош жер бар. Ал жерден тургундарга 4 сотыхтан жер тилкесин берсек, 81 үй-бүлө пайда болот экен. Бул маселени бүгүнкү шаардык кеңештин сессиясында карап, депутаттардын колдоосу менен чечилди. Эми аткаруу бийлиги жерге муктаж адамдарга аталган аймактан жер бөлүп берсе болот",- деди. Аталган аймактан буга чейин 4 жаранга жер тилкеси берилип, андан ары уланбай токтоп калганын кошумчалады Казакбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан