ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абадда студенттер согуш курмандыктарына арналган эстеликтин үстүнө чыгып сүрөткө түшүп жатышат" дейт окурман

Жалал-Абадда студенттер согуш курмандыктарына арналган эстеликтин үстүнө чыгып сүрөткө түшүп жатышат. Бул тууралуу 26-октябрда "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.

"Жалал-Абаддагы "Жеңиш" эс алуу багындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин элесине арналган эстеликке шаардагы Маданият техникумунун студенттери сүрөткө түшүп жатышат. Алар эстеликтин моюнуна чейин отуруп алышкан. Окуу жайдын жетекчилиги студенттерине согушта курман болгондорго сый-урматты үйрөтпөйбү?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asyl.jazi
2018-10-26 13:01:51
Сыйлоо, урматтоону менимче жогорку окуу жайда эмес, кичинесинен үй-бүлөдө үйрөтүү керек
+2
Janyjol.86
2018-10-26 13:51:13
Байкуштар корунушторуно Караганда биринчи курстун окуучулары окшойт .айылдан эч нерсе корбой чонойушканда анан шаарга барып чон чон эстеликтерди коруп суйунгонунон жапайы маймылдардай секирип мойнуна чыгып суротко тушка атышатда
+9
abon
2018-10-27 16:36:52
Janyjol.86,туура эле аттыныз! Ошто деле ушундай корунуш, жаны келген 1 курстар Сулайман Тоо ну оздоруно курорт(мемориал) кылып алган! ар кече тундо чыгып алып жапайы маймылдардай кыйкырып ырдашат ( добушу жакшы болсо деле учукпайт элем)! Тоонун алдындагы калкка тынчтык жок! Зынаа деген нерсени айтпасам да болот, Тоодо ар жерде уятпайле кучакташып турат (оштуктар сезет Тоонун тунку абалын) ! Ошого да чара Коруу керек! Местный городскойлор Тим эле журот!
0
J1irg
2018-10-26 13:55:38
Таазим кылганды ордуна, устуно чыгыл алышыптыр. Аскер кызматкерлеринде тартип барбы.
+4
eddi.
2018-10-26 15:31:34
Азыр аскер кызматкерлери садикте жүргөндөй эле жөрүшөт
+1
abon
2018-10-27 16:37:55
Урматтуу жаш студенттер, озунорду кичине адептуу кармагыла! жапайы маймыл болуп албагыла Эми!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан