Бүгүн, 9-июлда экс-мэр Нариман Түлеев боюнча Ленин райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумда анын жактоочусу Татьяна Чиникина кардарынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, Түлеевди үй камагына чыгарууну өтүндү. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар бул сунушка макул эмес экендиктерин айтышты. Учурда судья Аман Сариев бул сунушту кароо үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти.