Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамнгуловдун депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаты Нурбек Тотоновго тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, мындай чечим бүгүн, 26-октябрда БШКнын отурумунда кабыл алынган. Тизмеге ылайык, мандат "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча кийинки турган Нурбек Тотоновго тапшырылган.
Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектейт.
24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын директору болуп дайындалгандыгы кабарланган.