Кочкор районунда сууга чөгүүдөн сактануу боюнча машыгуу өткөрүлдү

8-июль күнү ӨКМнын Нарын облусунун Кочкор районундагы Куткаруу кызматы жарандардын сууда сүзүүдө өзүн-өзү алып жүрүүсү жана сууга чөккөн жаранды куткаруу боюнча машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Машыгууга жергиликтүү калк, райондогу Жарандык коргоо кызматтарынын өкүлдөрү келип катышышып, теориялык жана практикалык билим алышты. Эске салсак, 2013-жылдын башынан бери республика боюнча жалпы 57 адам сууга чөгүп каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан