Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

10-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү №7-9-10-көп кабаттуу үйлөрдө, Токтогул көчөсүндөгү №-216-214-көп кабаттуу үйлөрдө, Күрөңкеев, Табачный, Ахунбаев, Кой-Таш, Панфилов, Москва, Токтогул, Логвиненко, Абдрахманов, Кожомкулов, Бах, Купянский, Гагарин, Турусбеков, Үмөталиев көчөлөрүндө, Жаш гвардия, Тынчтык проспектилеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул күнү ушул эле сааттарда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы Теңдик конушунда, Чүй айылынын батыш тарабында электр энергиясын берүү чектелет. Мындай өчүрүү электр тармактарындагы жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан