"Transparency International" Эл аралык уюму өз изилдөөлөрүнүн негизинде “Дүйнөлүк коррупциянын барометри-2013” баяндамасын чыгарды. Изилдөөнүн алкагында 104 өлкөдө 114 миң адамга сурамжылоо жүргүзүлгөн. Алардын жарымынан көбү өз өлкөлөрүндө паракорлук көбөйгөнүн белгилешкен. Маалыматка ылайык, изилдөөгө катышкандардын ар бир төртүнчүсү акыркы жыл ичинде пара берген болуп чыкты. Булар негизинен Кыргызстан, Ооганстан, Казакстан, Украина, Ирак жана Сербиянын жарандары. Изилдөө 51 өлкөдө саясий партиялар эң коррупциялашкан институт катары кабыл алынарын көрсөткөн. Сурамжылоого катышкандардын көбү паракорлукка каршы күрөшүүгө даяр экенин билдиришкен.