9-июлда президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн жээгинде оор салмакта Дүйнөнүн чемпиондугу үчүн ат салышуу алдында машыгуу үчүн келген орусиялык белгилүү профессионал спортчуларды кабыл алды. Спортчулардын катарында бокс боюнча Дүйнөнүн чемпиондору Александр Поветкин жана Денис Лебедев бар. Президент спортчуларды жылуу кабыл алып, даярдык көрүү үчүн Ысык-Көлдү тандап алгандыгын колдоого алды. “Ысык-Көлдүн аба ырайы жана таза абасы спортчуларды жакшы даярдыктан өткөрүүгө көмөктөшөт. Советтер Союзунун тушунда космонавттар бекер жерден космоско учарда атайын даярдыктан өтүп, кайтып келгенде Ысык-Көл жээгинде эс алышпаса керек. Ысык-Көлдүн зор мүмкүнчүлүктөрүн туризмди өнүктүрүү максатында пайдалануу керек деп эсептейм”,- деди мамлекет башчы. Спортчулардын атынан Александр Поветкин мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бардык иштерине ийгилик каалады. “Биз Ысык-Көлдүн жээгинде даярдык көрүү жыйындарын ийгиликтүү өткөрөрүбүзгө ишенем”, - деди белгилүү мушкер.