30 жылдан бери Тажикстан пайдаланып келген Баткендеги мунай кенин Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүү болот

Бүгүн, 10-июлда Тажикстандын Кожент шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу башталат. Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактар боюнча маселелер каралат. Алардын катарында Баткендеги Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Тамдык , Максак-Кулунду жолунун курулушун жандандыруу жана 30 жылга жакын убакыттан бери Тажикстан пайдаланып келген Катта-Сай аймагындагы мунай кенин Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөрү күтүлүүдө. Кожентке Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Токон Мамытов баштап барат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан