Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары Абдыкалык Рустамовдун бир жылдык кирешеси 328 058 сом. Бул маалымат анын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Рустамовго таандык 56 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үй, 60 чарчы метр жерди ээлеген дагы 1 үй бар. Аталган мамкызматкер өзүнүн кыймылдуу мүлкү, жакындарынын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу декларацияга эч нерсе жазган эмес.