ЖКнын депутаттары Дастан Бекешев менен Ширин Айтматова өкмөттөн жана Башкы прокуратурадан “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетүүсүн иликтеген депутаттык комиссиянын сунушунун аткарылышы тууралуу коомчулукка маалымат берүүнү талап кылышты. Мындай маалыматты бүгүн, 10-июлда депутат Дастан Бекешев өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Эл өкүлдөрү депутаттык комиссия Азиз Батукаевдин бошотулушунда бир катар аткаминерлер тарабынан мыйзам бузуу болгондугун аныктаса дагы Башкы прокуратура жана өкмөт эч кандай тиешелүү чараларды көрбөй жатканын айтат депутат. Эске сала кетсек, депутаттык комиссия башкы прокурор Аида Салянованы, ички иштер министри Абдулда Суранчиевди, коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевди, ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөновду, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны, Улуттук гемотология борборунун жетекчисинин орун басары Э.Макимбетованы, ЖАМКнын төрагасынын кеңешчиси К.Качкыналиевди, Нарындагы №24-СИЗОнун жетекчиси Р.Касымалиевди кызматтан алууну сунушташкан.