Токко тартылып денесинин 50 пайызы күйгөн Айгерим Дүйшөмбиевага жардам берүү максатында Бишкекте кайрымдуулук концерти өтөт
14-июлда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кайрымдуулук концерти өтөт. Концерт Нарын
облусунун Ат-Башы районунда 28-апрель күнү көмөк чордонго токко тартылып,
денесинин 50 пайызы күйгөн Айгерим Дүйшөмбиевага жардам берүү максатында уюштурулууда. Бул тууралуу “Dream high” жаштар уюмунун
жетекчиси Жанат Эркинбекова билдирди. Саат 19:30да башталуучу концертке ырчылар Данияр
Эрматов, Даниель, Нурлан Насип, “Жебе” тобу, “тамашоучу” жигиттер жана башкалар
катышмакчы. Билет баасы 200-250 сом болгон концерттен түшкөн каражат ооруканада жаткан Айгеримге бериле турганын айтышат уюштуруучулар.