Түркиянын президенти Абдулла Гүлгө операция жасалды. Аталган өлкөнүн ММКлары жарыялагандай, операция мамлекет башчынын кулагына жасалып, ал Стамбул шаарындагы "Аджибадем" ооруканасында өттү. Операциядан соң президент ооруканадан чыгып, жеке кароого которулду жана 4 күндөн кийин ишке чыгат. Айта кетсек, буга чейин Гүл кулагы ооруй тураганын айтып дарыгерлерге кайрылып келген.