11-июлда Бишкектеги Панфилов атындагы сейил багында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун 120 жылдыгына жана Панфиловчулар дивизиясынын түзүлгөнүнүн 72 жылдык мааракесине арналган эскерүү митинги өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Саат 10:00дө баштала турган иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ооган жана Баткен согушунун катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана каалоочулар катышышмакчы. Эскерүү кечесинде Панфиловдун эстелигине гүл коюлуп, ошондой эле асманга ок чыгарылмакчы. Эскерүү митингинин соңунда аскер кызматкерлеринин маршы болмокчу. Ушундай эле иш-чара 12-июлда Токмок шаарында да өтөт.