Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-июнда кабыл алган. Анда башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга жол берген медицина кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жазаны күчөтүү каралган. Алсак, Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилген:
117-берене. ВИЧ инфекциясын жуктуруу
1. Билип туруп башка адамды ВИЧ инфекциясын жуктуруу коркунучуна туш кылганда 3 жылга эркиндиги чектелет же 3 жылга эркиндигинен ажыратылат.
2. Өзүндө ал оорунун бар экенин билген адам ВИЧ инфекциясын башка адамга жуктурганда 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар эки же андан ашык адамга, же жашы жете электерге карата жасалганда 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат.
4. Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбаганынын кесепетинен ВИЧ инфекциясы башка адамга жукканда 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Эскертүү: “Ушул берененин биринчи же экинчи бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам, эгерде ВИЧ инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого ыктыярдуу макул болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат”. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.