Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар. Тирүү адамга эстелик орноткон бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда.
SUPER.KG порталынын "Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?" деген соболуна жарандык активист Алга Кылычев жооп берди.
Ал тирүү адамга эстелик орнотуу кыргыз салтында жок деген пикирде.
“Эстеликтин, сыйлыктын өзүнүн орду болуш керек. Залкар адамдардын көзү өтүп кеткенден кийин кыргыз элине, урпактарга кандай эмгек кылганын унутпай жүрсүн деп эстелик тургузушат. Эстелик орнотуу тарыхыбызда бар болгонун балбал таштардан билсек болот. Менин пикирим боюнча, салтыбызда да эстеликти көзү тирүү адамга койбойт. Кыргыз өлкөсүндө Чыңгыз Айтматовго, Курманжан даткага, Дүйшөнкул Шопоковго эстелик койсо татыктуу болот. Сүймөнкул Чокморовдун татыктуу эстелиги жок. Алиясбек мырзанын да баатыр экенин сыйлайм. Ага чыныгы “баатыр” деген наамды урпактар бериши керек болчу. Менимче, ага эстелик орнотуу аша чапкандык болду. Өзү барып, эстеликтин ачылышында кол чаап отурганы да туура эмес көрүнөт экен. Баатыр деген атын булгап койгондой сезилди”, - деди Кылычев.
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, экс-депутаттар Каныбек Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.