Бүгүн, 11-июлда Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан донорлордун эл аралык конференциясында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкекте лыжа туризмин өнүктүрүүнү каалаган 3 инвестор бар экендигин айтты. “Туризмдин бул тармагы 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына киргизилген. Эмкиде сиздер лыжа тээп көрүүңүздөр үчүн жыйынды кышында өткөрүүгө аракет кылабыз”,- деди ал донорлор коомчулугуна кайрылып жатып. Ошондой эле Кыргызстандагы ички авиакаттамдарды жакшыртуу үчүн Кыргызстанга жаңы авиакомпания келе тургандыгын билдирди.