КРнын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров 2012-жылы негизги иш ордунан 667 107 сом киреше тапкан. Бул маалымат анын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында жазылган. Үй-жайы жана унаасы боюнча маалымат берген эмес. Ал эми анын жакындары 2012-жылы 130 миң киреше тапса, 54 чарчы метр жерди ээлеген бир батирге, 124 чарчы метр аянтты ээлеген дагы бир батирге ээлик кылышат экен. Алардын кыймылдуу мүлкү 1994-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц Е 320 унаасы деп белгиленген.