Депутат Нурбек Тотонов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине мүчө болду

Жаңы депутат Нурбек Тотонов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине мүчө болду. Бул боюнча чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети кабыл алды.

26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуп мандатын Нурбек Тотоновго тапшырган.

Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектеп келген.

24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын директору болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан