Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.
SUPER.KG порталынын "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.
Ал өлкөдө күчтүү оппозиция бар деп ойлой турганын айтты.
“Мамлекетте күчтүү, туруктуу оппозиция болбосо демократияны коркунучка алып келет. Демократиялык башкарууну тоталитаризм же авторитаризм орнотууга алып келет. Эгерде өлкөдө оппозиция жок болсо, анда бир партиянын, бир топтун же бир адамдын бийлигин орнотууга алып келет.
Азыр оппозициялык күчтөр бар деп ойлойм. Бийликке сын-пикирлерди айтуу боюнча коомдук макулдашуу бар. Азыр коом жыйынтыктарды күтүп жатат. Эгерде тенденциялар өзгөрө баштаса оппозиция күчтөнө баштайт деген ойдомун. Бүгүнкү күндө башкаруу партиядагы болуп жаткан тирешүү жана күрөш - бул оппозициянын талаптары болуп эсептелет”, - деди Жээнчороев.
Саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.