Саясатчы Адахан Мадумаров: "Коомдук маданияты бийик болгон өлкөдө эч качан бийликти бир адамга бербейт"

Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.

SUPER.KG порталынын "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.

Ал оппозициянын жоктугу бийликти шал кылат деген пикирин айтты.

“Оппозициянын жоктугу бийликти шал кылат. Тыптынч болуп калган мезгилде баарынын көзүн май басат. Бул кылымдардан бери такталган нерсе. Коомдук маданияты бийик болгон өлкөдө эч качан бийликти бир адамга бербейт. АКШдагы шайлоону карагылачы. Эл сенатты "республикачыларга", конгрессти "демократтарга" берди. Бул бийликтин кутуруп кетүүсүнө жол бербейт. Бизде болсо Ак Үйдөн баштап бала бакчанын башчысына чейин КСДПнын адамы болот. Ушул менен мамлекетке сокку урулат. Күчтүү оппозицияны эл түзөт. Мыкты азаматтар элдин пейили бузулуп турган мезгилде чыга алышпайт. 1990-жылдардын башында андай азаматтарды эл өзү алып чыккан. Парламентте оппозиция болгон эмес, болбойт дагы. Жогорку Кеңешке Атамбаев түзүп берген тизме менен келген партиялар бар. Алар башкарууга оңой болсун деп өтө сабатсыз, эрки жокторду тандап алышкан”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчы Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан