Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Кривоносов көчөсүндөгү №192-196-үйлөрдүн мыйзамсыз курулган короолору бузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Муромский көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки аралыкта Чоротегин көчөсү боюнча айрым тургундар жер тилкелерин мыйзамсыз кеңейтип алышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз куруу ээлерине жазуу түрүндөгү эскертүүлөр берилди. Белгилей кетсек, мыйзамсыз курууларды бузуу Бишкек шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 10-декабрындагы “Бишкек шаарында жол куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө” №163-буйругунун негизинде жүргүзүлөт.