Депутат Дастан Бекешев: "Заводдон чыкканына көп жыл болгон автоунааларга салык салышыбыз керек"

Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылы Бишкектин абасынын булганганына байланыштуу маалыматтарды интернетке жарыялады. Андан Бишкектин айрым жерлеринин абасы нормадан 20 эсе булганганын байкоого болот. Буга чейин да борбор калаанын абасында уулуу заттар көбөйгөнү айтылып, ага 70 пайыз автоунаалардан чыккан түтүн себепчи экени белгилүү болгон. Андан сырткары мындай булганууга Бишкек жылуулук электр борборунун да тиешеси бар экени айтылган.

SUPER.KG порталынын "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.

Анын айтымында, автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү ыкмасы коррупцияга гана жол ачат.

“Эски автоунааларга салык салбасак болбойт. Башка мамлекеттерде ушундай эле кадамга барышкан. Бишкекте ЖЭБ сыяктуу от казандар көп. Ошолорду газга же электр энергиясына өткөрүү керек. Заводдон чыкканына көп жыл болгон автоунааларга салык салышыбыз керек. Бирок айдоочулар “байларга боло берет, кедейге эле салык салынат” деп сындап, жаман көрүшү мүмкүн. Бул орчундуу маселе, бирок биз мындай кадамга барышыбыз керек. Европада да ушинтишкен. Бизге көбүнчө эски унаалар келет да. Автоунааларга техникалык кароо тартиби жардам бербейт. Бул ыкма коррупцияга гана жол ачат”, - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, эколог Бактыгүл Стакеева, экология тармагындагы эксперт Азамат Темиркулов, жарандык активист Мураталы Үчкемпировдунпикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан