Эколог Бактыгүл Стакеева: "Көмүр жаккандарды көзөмөлдөй албагандан кийин унаа көйгөйүн жөнгө салышса болмок"

Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылы Бишкектин абасынын булганганына байланыштуу маалыматтарды интернетке жарыялады. Андан Бишкектин айрым жерлеринин абасы нормадан 20 эсе булганганын байкоого болот. Буга чейин да борбор калаанын абасында уулуу заттар көбөйгөнү айтылып, ага 70 пайыз автоунаалардан чыккан түтүн себепчи экени белгилүү болгон. Андан сырткары мындай булганууга Бишкек жылуулук электр борборунун да тиешеси бар экени айтылган.

SUPER.KG порталынын "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?" деген соболуна эколог Бактыгүл Стакеева жооп берди.

Ал мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнөн кийин абанын булгангандыгына аз көңүл бурулуп жатат дейт.

“Абанын булганышы тууралуу көйгөй канча айтылганы менен чечилген жок. Былтыр абанын тазалыгын текшере турган жабдууларды Бишкек шаарына орнотконбуз. Буга өкмөт тарабынан реакция болуп, шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында жумушчу топ түзүлгөн. Алардын долбоорду ишке ашыруу планы көп убакыт алат экен. Эки жыл бою коомдук транспортту жакшыртуу керектигин айтып келдик. Коомдук транспорт начар болгону үчүн тургундар ыңгайлуу болсун деп унааларды алышат. Бул абага зыян болуп жатат.

Ал эми 40тан ашык конуштун жашоочулары кышында көмүр жагып, үйүн жылытып жатат. Мисалы, Бишкек ЖЭБи от казандардан чыккан газды фильтрлеп турат. Ал эми жеке турак жай ээлеринде андай мүмкүнчүлүк жок. Өкмөт көмүр жаккан жашоочуларды көзөмөлгө ала албагандан кийин жок дегенде транспортту жөнгө салышса болмок. Жабдуулар туура эмес маалымат көрсөтөт деп ишенбегендер бар. Бирок эртең менен эшикке чыкканда эле абанын булганыч экени билинет. Сапар Исаков жаш болгону үчүнбү, айтор, анын тушунда өкмөт биздин демилгеге тез реакция жасаган эле. Өкмөт алмашкандан кийин бул жааттагы иштер да басаңдап калды”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, экология тармагындагы эксперт Азамат Темиркулов, жарандык активист Мураталы Үчкемпировдунпикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан